02:31
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

АКШ Кыргызстандын мектептерине 110 257 балдар китебин тапшырды

АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги Кыргызстан боюнча 900 мектепке 110 257 балдар китебин тапшырды. Бул тууралуу АКШнын Бишкектеги элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 32 түрдүү кыргыз жана орус тилиндеги жомоктор, аңгемелер, ырлар жана математикалык ой жүгүртүүгө багытталган китептер тапшырылды.

Бул китептер Кыргызстанда эң биринчи татаалдыгы боюнча классификацияланган китептер болуп саналат. Алар атайын электрондук классификация куралынын жардамы менен бааланып татаалдык деңгээлдери аныкталган. Бул мугалимдерге, ата-энелерге жана китепканачыларга балдардын жаш курагына жана окуу деңгээлине ылайыктуу окуу материалдарын тандоого жардам берет.

Бул китептер «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында бериле турган китептердин биринчи бөлүгү. Жалпысынан 2020-жылга чейин 1,2 миллион китеп тапшыруу пландалган.

Эң көп окулган жаңылыктар