04:43
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.14

Москвада болгон жол кырсыгында 2 кыргызстандык жаран каза тапты

Москвада болгон жол кырсыгында 2 кыргызстандык жаран каза тапты. Унааны башкарып бара жаткан дагы бир кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 8-мартта катталган. Айдоочу унааны башкара албай, столбаны сүзгөн. Кырсыкта 28 жаштагы аял жана 30 жаштагы эркек киши каза болгон.

«Кыргызстандык айдоочу камакка алынды. Кылмыш иши козголду», -деп билдиришти элчиликтен.

Бүгүн каза болгон жарандардын сөөгү мекенине жөнөтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар