15:15
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Боштондукка чыккан саясий туткундар Сооронбай Жээнбековду колдошот

Бийликти күч менен басып алууга айыпталып соттолуп чыккан Жалал-Абад облусунун мурунку губернатору Бектур Асанов менен мурунку депутат Кубанычбек Кадыров чоң саясатка аралашууга белсенип жатышат. Бул тууралуу алар 24.kg агенттигинде болгон маалымат жыйында билдиришти.

Айтымдарында, алар өлкө президенти Сооронбай Жээнбековду колдошот. Жемкорлукка каршы күрөш дагы туура багытта жүргүзүлүүдө. 

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 2020-жылга чейин соттолгондугу алынбай, парламенттик шайлоого катыша албай калышса, анда саясий партиялардын бирин колдоого алышмакчы. Алар кайсы партияны колдой тургандыгын ачык айтышкан жок.

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров бийликти күч менен басып алды деген айып менен камалышкан. Экөө тең мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар