23:14
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду региондордо өзүнүн өкүлчүлүгүн ача баштады

2018 -жылы экономиканы каржылоо иши жакшырды. РСК Банк, Айыл Банк жана Кыргыз-Орус өнүгүү фонду тарабынан, Кепилдик фонддун колдоосу менен жалпысынан 25 миллиард сомдон ашык кредит жана гарантия берилди. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда айтты.

Мамлекет башчысы белгилегендей, региондордо жаӊы ишканаларды көбөйтүү максатында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түз каржылоонун чегин 1 миллион доллардан 200 миң долларга чейин төмөндөттү. Бул каражаттардын ичинен 50 пайыздан ашыгы кайра иштетүү тармагына жана агроөнөржай комплексине берилди.

«Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду региондордо өзүнүн өкүлчүлүгүн ача баштады, мурункудай эшигин жаап алып, эми «элитный» Фонд болбойт. Бул региондор үчүн иштей турган Фонд болот», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар