01:37
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Эл аралык ишкерлер кеңеши башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун сөзүн четке какты

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Коопсуздук кеңешинде айткан 41 кенге лизенциянын ээси ички иштер кызматкери эмес. Бул тууралуу маалымат жыйында Эл аралык ишкерлер кеңешинин директору Аскар Сыдыков билдирди.
 

Анын айтымында, Коопсуздук кеңешинде сөз болгон лизенция ээсинде 41 эмес, 39 лизенциясы бар. Компаниялар тобунун башчысы — Александр Беккер.

«Александр Беккерди Кыргызстанда жакшы билишет. Ал биздин тоо-кен тармагына көп эле инвестиция алып келди. Бул боюнча СМИден окуп ал абдан таң калды. Ал эми ЖМКда аты аталган киши ал жергиликтүү коомчулук менен байланыш түзгөн адам. Негизи Кыргызстанга келген инвесторлор компаниялардын тобуна бир кишини дайындашат. Анын ИИМдин мурдакы кызматкери болгону бул дал келүү», — дейт Аскар Сыдыков.

Эскерте кетсек, Коопсуз кеңешинин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ИИМдин мурдакы кызматкеринин 41 лизенциясыга ээлик кыларын, ишкана лизенцияларды алып сатууга шектелип жатканын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар