23-февраль -Ата-Мекенди коргоонун эл аралык күнүнө карата кошумча дем алыш болбойт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-февраль ишембиге туш келет. Эмгек кодекси боюнча дүйшөмбү 25-февраль дем алыш күн болушу керек.
Бирок, өкмөттүн буйругу менен 25-февралды 2-январга жылдырып, кыргызстандыктар 1-январдан 7сине чейин эс алышкан. Мындан улам, 25-февраль иш күн болот.