Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, коңшу мамлекетте улуттук Жаз майрамы белгиленет.
Буга байланыштуу «Торугарт -Эркеч-Там» көзөмөл-өткөрүү пункттары 2-февралдан тартып 10-февралга чейин жабык болот.

