Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Бөксө-Жол айылында аянты 100 чарчы метр болгон үй толугу өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.
Дагы бир маалыматка караганда, Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында контейнер менен салынган 108 чарчы метр үй толугу менен күйүп кетти.

