Орусиянын Пензенск облусундагы жол кырсыктан кыргызстандык 2 жаран каза болду. Бул тууралуу Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.
Анын айтымында, Төмөнкү Новгород—Саратов унаа жолунун 420-чакырымында «Тойота Альфард» менен «ГАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышкан. «Тойота» унаасында 8 жүргүнчү болгон. Кырсыктын кесепетинен кыргызстандык 2 жаран мерт болду.
Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр Казакстанга документке мөөр бастыруу үчүн бара жатышкан. Каза болгондордун бири 54, экинчиси 26 жашта болгон.
Калган 6 жүргүнчү ооруканага жеткирилди.