10:48
USD 87.00
EUR 90.63
RUB 0.79

«Манас» эпосундагы каармандардын атын ичкиликке коюуга тыюу салуу сунушталды

«Манас» эпосундагы каармандардын атын алкоголдук ичимдиктерге коюуга тыюу салган мыйзам долбоору коомдун талкуусуна коюлду. ««Манас» эпосу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү депутат Тазабек Икрамов сунуш кылды.

Ага ылайык, «Манас» терминин жана «Манас» эпосунун оң каармандары болгон баатырларды, Манас, Бакай, Семетей, Каныкей, Сейтек аттарын алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки өндүрүмүнө пайдаланууга тыюу салынат.

«Азыркы учурда биздин ыйык баалуулуктарыбызга мамиле кылууда республиканын тарбия берүү түзүмдөрүндө иш жүргүзүү, идеологиянын жана калктын аң-сезиминин деңгээлин көтөрүү зарылдыгы келип чыкты. Балдарыбыздан «Манасты тааныйсыңбы?» деп сурап калышса: «Ооба, билем, «Манас» коньягын билем» дебеши керек. Идеология катары «Манастын урпагыбыз» деп айтып келебиз. Тарбия, таалим алыш үчүн биздин урпактарга, балдарга Манас атабызды даражасын чоң кылып көрсөтүшүбүз керек», -деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар