18:58
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Активисттер жаштарды «сасыткы» саясатчылардын колунда курал болбоого чакырды

«Элдик кошуун бирикмеси» жаштарды «сасыткы» саясатчылардын колунда курал болбоого чакырды. Бул тууралуу маалымат жыйында уюмдун төрагасы Тариэл Искаков билдирди.

«Элдик кошуун бирикмеси» эртең боло турган митингде коомдук тартипти камсыздамакчы. «Биз 2010-жылдан бери баардык митингдерде коомдук тартипти камсыздап келебиз. Акыркы 3 жылда митингдер өтпөй калган, эми кайрадан жандана баштады», -деди ал. 

Анын билдирүүсүндө, белгилүү бир күчтөр кыргыз-кытай мамилелеринен ортосуна кара көлөкө түшүрүүгө аракет кылышууда. «Кытайдын бизге болгон аймактык доосу жок. КЭР менен болгон чек ара такталган. Кытай биздин ички иштерибизге аралашпай эле. Биз баардык жарандарга, айрыкча жаштарга кайрылып, чагымчылдыкка алдырбоого чакырып өтөбүз», -деди Тариэл Искаков.

Эске салсак, социалдык түйүндөрдө 17-январда боло турган митингге чакырган маалыматтар тарап жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума