18:30
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Баткенде күч органдарынын кызматкерлери каракчылык менен кол салууга шектелүүдө

Баткен облусунда каракчылык менен кол салганга шектелип коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин аскер адамдары, Чек ара кызматынын кызматкерлери жана УКМКнын мурунку кызматкерлери кармалды. Алар тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттун чечими боюнча алар Оштогу тергөө абагында 12-февралга чейин кармалышат.

Эске салсак, Баткен облусунда Чек ара кызматынын 2 кызматкери, Кызыл-Кыя шаардык аскердик комиссариатынын кызматкери жана УКМКнын мурун иштеп кеткен 1 кызматкери каракчылык менен кол салууга шектелип кармалышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар