Бишкектеги 7-Апрель менен Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, жаш кыз жаракат алды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Тойота Альтеза» унаасы 1996-жылкы кызды сүзүп кеткен. Болжолдуу маалымат боюнча, ал жөө адамдар өтө турган өтмөктөн баскан эмес.
Унаа айып аянтчасына токтотулуп, жабырлануучу ооруканага жаткырылды.