20:57
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жактоочу: ЖАМК Текебаевден ырайым суроону талап кылууда

Жаза аткаруу мамлкеттик кызматы (ЖАМК) камактагы саясатчы, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевден ырайым суроо боюнча президентке арыз жазууну талап кылып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» саясатчынын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

«ЖАМКтын башчысы баш болуп Өмүрбек Чиркешовичке келишти. Алар «Роза Исаковна менен алты фракция лидери Текебаевге ырайым берүү тууралуу кайрылуусун президенттик аппарат бизге жибериптир, биз да сиздин ырайым суроо укугуңуз бар экенин айтып коелу дегенбиз» деп айтышты. Тырмакчанын ичинде бааласак, алар ырайым суроо боюнча арызга Текебаев өзү кол коюп, суранышын талап кылып жатышат. «Кайрылыңыз» деп талап кылган эле нерсе да, бул. Текебаев Роза Исаковна жана фракция лидерлерине ыраазычылык билдирип, алардын кайрылуусу тарыхый документ экенин айтып, бирок ырайым суроодон баш тарткан позициясында калды. Ал акталып чыгам деген ойдо гана турат. Мыйзам боюнча президент бирөөгө ырайым береби, бербейби — ал кишинин макулдугу жок эле чечим кабыл алса болот. Баш мыйзам боюнча президент эч кимден көз каранды эмес, эч кимдин алдында актанууга да укугу жок. Бул жерде кеп анын өзүнүн саясий эркинде гана калат. Бул жерде азыр ЖАМК «Текебаев ырайым суроодон баш тартты» дейт да президенттик аппаратка кат жазат, анан алар кайра эле мурдагы «өзү ырайым суроодон баш тартты» деген жыйынтыгын чыгаргысы келип жатат», — деди Токтакунова.

ЖАМКтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова болсо Токтакунованын айткандарын төгүндөп, мекеме жетекчиси Таалайбек Жапаров Текебаевге кирбегенин, ырайым маселеси боюнча сүйлөшпөгүн билдирди.

Өткөн жылдын 25-декабрында экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн.

Ал «Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым берүү жөнүндө» мыйзамдын беренесине таянып мамлекет башчысы соттолуучу өзү кайрылбаса да, эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилеген. Отунбаеванын бул кайрылуусун Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери да бир добуштан колдошкон.

5-январда президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү өтүнүч учурда президенттик аппаратта каралып жатканын билдирген.

Анын алдында, басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Текебаев өзү арыз жазбаса, ырайым берилбей турганын айткан эле.

«Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде коррупцияга айыпталып, сегиз жылга кесилишкен.

Кийин Маевский өзү Орусияда «бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган» деп айыпталып камалды. Жакында анын басма сөз катчысы Максим Букин да камалганы маалым болду.

Эң көп окулган жаңылыктар