16:30
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Лебединовка айылында азык-түлүк дүкөнүнүн кампасынан өрт чыкты

Чүй облусуна карашатуу Лебединовка айылында азык-түлүк дүкөнүнүн кампасынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрт тууралуу билдирүү кечээ саат 15:57де келип түшкөн.

«500 чарчы метрлик кампа өрттөнгөн. Жабыркагандар жок. Кырсыктын келип чыгуу себептери аныкталууда. Өрт саат 23:41де өчүрүлдү», -деп билдиришти ӨКМдан.

Эң көп окулган жаңылыктар