16:32
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Таласта бильярд клубунда өрт чыкты

Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында 750 чарчы метр аянттагы бильярд клубунда өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Өрттүн кесепетинен 5 бильярд столу, 25 кий жана тиричилик буюмдары күйгөн.

Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн себептери такталып жатат.

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыгы катталды.


Эң көп окулган жаңылыктар