Парламентте мамлекеттик ЖМКларды жеке жактарга сатууну сунушташууда. Бул тууралуу пленардык жыйында депутат Жанар Акаев билдирди.
Жогорку Кеңеште «Пирамида» телеканалана кошумча 6 миллион сом бөлүп берүүнү талкуулашты. Көпчүлүк депутаттар сунушту колдогон жок.
Жанар Акаевдин айтымында, «Пирамида» телеканалынын бюджетин анын кесиптештери акыркы каражатты берип жаткандай талкуулашууда. «Бул биздин ишти чагылдырган жападан жалгыз канал, а бизге ага акча берүүгө чамабыз жетпейт дейбиз», -деди ал.
«Мына аянтта жаңы жылдык балаты турат, ага 10 миллион сом коротулду. 2 жумадан кийин аны алып салышат. А бул жерде канал бир жылга каражат сурап жатат, биз болсо нааразы болобуз», -деди Жанар Акаев.
Ал кошумчалагандай, болочокто «Бешинчи канал», «Кабарды» кошкондо мамлекеттик баардык ЖМКны жеке жактарга сатуу керек.