04:07
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ошто тартип сакчысынын огунан кокустан өтүп бара жаткан жаран жабыркады

Ошто кылмышкерди кармоо маалында тартип сакчысынын огунан кокустан өтүп бара жаткан жаран жабыркады. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-декабрда болжол менен саат 18:00дө тескөөчүлөр айнектери караңгылатылган жана мамлекеттик номуру жок «Мерседес С-320» үлгүсүндөгү унааны байкап калышкан. Унааны токтоткон маалда айдоочу тартип сакчысына атырылып, качып кетүүгө аракет жасаган. Тартип сакчынын өнөктөшү кызматтык унаа менен шектүүнүн унаасын токтотууга аракет кылган.

«Бирок «Мерседестин» айдоочусу катуу ылдамдык менен айдап, каршы тилкеге чыгып кырсыктын болушуна коркунуч жараткан», -деп жазылат маалыматта.

Эол эрежесин бузган айдоочуга карата тартип сакчысы эскертүү берип, тапанча менен 2 жолу асманды карай аткан. Бирок, айдоочу буга көңүл бурбай, жолун уланткан. Анда тартип сакчы унаанын дөңгөлөгүн аткан. Ок унаанын оң канатына тийип кайып барып ошол маалда жолдо өтүп бара жаткан жарандын кулагына тийген.

Жабырлануучуну Ош шаардык клиникалык ооруканасына жеткиришти. Анын абалы канааттандыраарлык.

Эреже бузган айдоочу кармалды. Ал буга чейин соттолуп чыккан 19 жаштагы жаран болуп чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар