Бүгүн Бишкектин бир катар аймактарында жаратылыш газы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, авариялык жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу 5 күнгө чейин төмөнкү даректерде газ берилбейт:
24-28-декабрда Бишкек шаарынын Курманжан Датка, Чоң Чүй каналы, Лермонтов, Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;
24-26-декабрда Махатма Ганди, Можайский, Манас проспектиси, Васильев көчөлөрүнүн кесилишкен бөлүгүндө;
24-25-декабрда Орто-Сай айылынын Ала-Арча шаарчасында газ берилбейт.