07:22
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Жаңы автобустар. БШК депутаттары тендердик комиссиянын курамына кызыгышты

Бишкек шаардык кеңешинде автобустарды алуу боюнча тендердик комиссиянын курамында эмне үчүн Бишкек автотранспорттук мекеменин 5 өкүлү кирген деп кызыгышууда.

«Жалпысынан курамда 9 киши, демек бул комиссия бир мекемеден туратпы? Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 5 киши кытай автобустарын сатып алууга макулдугун берген, калган 4 киши каршы болгон», -деди БШКнын турак-жай коммуналдык чарбасы боюнча комиссиянын отурумунда депутат Сайдахмат Исмаилов.

Ал билдиргендей, тендердин мындай жыйынтыгы шаардыктардын суроосун туудурууда. Анткени, мындай курам менен каалаган компания жеңишке жетмек.

Бишкек автотранспорттук мекеменин жетекчиси Нурлан Койчубаков комиссиянын курамын 2 жума аралыгында түзүлгөндүгүн, көпчүлүк жоопкерчиликти алгысы келбегендигин айтты.

Эске салсак, 14-декабрда Zhengzhou Yutong Bus Co., Ltd. кытай корпорациясы Бишкекке автобустарды алып келүү боюнча тендерди жеңип алган.

Эң көп окулган жаңылыктар