14:04
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Депутат: Өкмөт электр жарыгына болгон бааларды кайрадан карап чыгышы керек

Өкмөт электр жарыгына болгон бааларды кайрадан карап чыгышы керек. Жарыктын бааларын бүт өлкө үчүн бирдей кылуу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Аида Исмаилова айтып чыкты.

Анын берген маалыматына караганда, электр энергиясынын өз баасы 1,61 сомду түзөт. Депутат кош тарифтик сетка мыйзамсыз деп эсептейт. Ал электр энергиясынын тартыштыгынан гана убактылуу чара көрүү үчүн гана коюлганын айтты.

«Азыр тартыштык жок. Биз электр энергиясын Өзбекстанга 1,36 сомдон экспорттоп жатабыз. Болбосо анын өз наркы жогору. Бирок, саатына 700 киловаттан жогору пайдаланган жарандарыбызга 2,16 сомдон сатуудабыз. Анда кирешенин кандай мааниси бар? Биздин Улуттук энергохолдинг өз наркын жаба албай атабыз деп нааразы болууда. Экспорт төмөн баада болуп жатса, аны кантип жабабыз? Бүгүнкү күндө кош тарифтик саясатты кайра карап чыгуу керек», -деди Аида Исмаилова.

Эң көп окулган жаңылыктар