17:50
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстан Кытайдын ички иштерине кийлигише албайт

Кыргызстан Кытайдын ички иштерине кийлигише албайт. Бул тууралуу маалымат жыйында президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдагы этникалык кыргыздардын кармалышы тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди.

Айтымында, профилдик ведомстволор жана министрликтер аталган маалымат боюнча иш алып барышууда.

«Биз дипломатиялык каналдар боюнча иш алып баруудабыз. Бул маселеде кытайлык жарандар тууралуу кеп болуп жатканын эске алуу керек. Биз башка өлкөнүн ички иштерине кантип кийлигише алабыз? Биз дагы көп калктуу мамлекетпиз. Бирок, бул коркуп жатканыбыздан кабар бербейт. Биз эл аралык макулдашуунун алкагында иш алып барып жатабыз. Кечээ бир кыргыздын бошотулганы тууралуу маалымат уктук. Ал Кыргызстандын жараны», -деди президент.

Эң көп окулган жаңылыктар