Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстан жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн өлкөбүзгө келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Кеңештин экинчи жыйыны бүгүн, 18-декабрда, Ош шаарында өтөт. Эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулоо пландалууда.
Кыргыз делегациясынын курамына министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле чектеш аймактардын аймактык башкаруу органдарынын жетекчилери кирген.