18:36
USD 86.99
EUR 99.28
RUB 1.06

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов эртең Кыргызстанга келет

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов эртең Кыргызстанга келет. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында Ош шаарында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арага жакын облустарынын башчыларынын жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Кеңешинин экинчи отуруму өтөт», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, эки өлкөнүн чек аралаш облустарынын башчыларынын Кеңешинин биринчи отуруму март айынын аягында Ферганада өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар