17:32
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өлкөдө 9 миңге жакын киши гепатит жана жугуштуу вирустар оорусун жуктуруп алган

Кыргызстанда жыл башынан бери 9 миңге жакын киши гепатит жана жугуштуу вирустар оорусун жуктуруп алган. Бул тууралуу оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, былтыркы жылга салыштырмалуу көрсөткүч 14,7 пайызга өскөн. Өткөн жылы 7 миң 565 киши аталган ооруну жуктуруп алышкан.

А гепатити менен ооругандар Ош (184,8), Баткен (198,3), Жалал-Абад (188,1) облустарында жана Ош шаарында (163,4) байкалат.

2018-жылдын башынан тарта 489 бейтап сальмонеллез оорусун жуктуруп алган. Алар Бишкек, Ысык-Көл жана Чүйдө коомдук тамактануучу жайларда болгон тамактан ууланууга байланыштуу.

Эң көп окулган жаңылыктар