17:01
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Президент болууну самаган куудул Боорончу Кудайбергенов

Сакадай бою сары алтын куудул Боорончу Кудайбергенов азыр кыргыздын Ивант Урганты болуу аракетин көрүүдө. Албетте, юмористке теле алып баруучу катары калыптанууга жана берүүлөрүнүн деңгээлин көтөрүүгө дагы көп эмгек жана мээнет талап кылынат. Анткен менен Боорончу Кудайбергенов сынга сынбай алдыга жылып, кыргыз телесин шаңга бөлөйм деп шарапатынан кайтпайт.

Негизги кесиби боюнча тракторист куудул мырза көп кырдуу талант экенин далилдөө аракетинде шоу-бизнесте чылбырды бекем кармап, ар тараптан өзүн сынап, ырдап, тасмага тартылып, атүгүл шайлоого катышып, президенттикке дагы ат салышып көрдү.

Борончу Кудайбергеновдун жеке архивинен алынды
Фото Борончу Кудайбергеновдун жеке архивинен алынды

— Президент болуу дымагыңыз өчө элекпи? Саясатка кызыгасызбы?

— Негизи президенттик кызматка элди багам деген тилеги бар, бир топ тажрыйбалуу, көп тепкичти басып өткөн, бардык тараптан такшалган, жаш курагы туура келген, тышкы саясатты мыкты билген көрөгөч адам тандалып, сынактан өтүшү керек. Мында элдин тагдырын президенттин колуна тапшырдык деген кеп да.

Өлкө башчысына коюлган тапшырмаларды көрсөң өкүнүчтүү, бир чети күлкүң келет. «Элдин баары эле талапкерлигин койсо болот бекен, бош болсо мен деле иштей турайын» дегендей маанини камтып калыптыр.

Мен дагы бул кызматка өзүмдү сынап көрөйүн деп талапкерлигимди койгонмун. Эгер дебатка катышып калсам ошол кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевге айтайын деген кебим бар эле. Азыр ошол суроолордун баарын эми берип башташты. Мен президент болуп шайланып калсам муну кылам же тигини жасайм деп отурбай, өкмөт башчы болобу, министр болобу ошол өз кызматтарынан деле ишти аткара берсе болот.

Албетте, мен саясатка кызыгам, анткени келечегибиз саясатка, эл башчысына, алардын иш билги жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу. Кокус буйрук болуп шарты келип калса, депутаттыкка талапкерлигимди коём деген оюм бар.

— Айрым куудулдар ТЭЦ, жемкорлук жана башка окуяларды, азыркы саясий абалды чагылдырып элге юмор түрүндө жеткирүүдө. Сиз саясатты сахналаштырасызбы?

-«Ар бир айдын алтысы» деп биз мурда саясий сатираларды айтып ойноп келгенбиз. Коомчулукка ачык айтып, жемкорлордун жүзүн ача баштаганда ар кандай шылтоо менен аталган долбоорду токтотуп коюшкан. Азыр кайра жандана баштады.

Ал эми мен жеке өзүмө келсем интермедияга катышканга караганда жалгыз сүйлөгөндү туура көрөм. Мындан улам жалгыз чыгам. Тарбиялык маанидеги, мусулманчылык жол менен жакшы менен жаманды салыштырып тамашаларды айтып келе жатам.

Биз өкмөттөн айлык алып иштегендерден эмеспиз, бизди «жапайы» артисттер деп коёт. Тээ илгертен бери өз аракетибиз менен арабабызды кылдыратып келебиз. Өкмөткө иштеген артисттерге салыштырмалуу биз көп концерт коюп, көп пайда түшүрөбүз. Салык, ижара акы дегендерди төлөйбүз, бирок айлык албайбыз.

Өкмөткө иштеген кесиптештерди карап туруп бир чети чыдап жүргөндөрүнө ыраазы болосуң, баарына кайыл болуп 6-7 миң сом алышат.

Аларды чыныгы таланттуу өнөр адамдары катары көрөм. Мисалы, биз кыдырып жүргөндөр 5 миң сомго чыдабай кетет болушубуз керек. 
Борончу Кудайбергеновдун жеке архивинен алынды
Фото Борончу Кудайбергеновдун жеке архивинен алынды

— Анча-мынча акчага алымсынбайт окшойсуз, сыр болбосо айлыгыңыз канча?

— Мен куудулдуктан сырткары, негизги кирешемди тамадалыктан табам. Сыры жок, акысы 300-500 доллардын ортосунда. Жолдун узактыгына жараша болот. Мындан сырткары Бишкектеги телеканалдардын биринде автордук берүүнү алып барам, бирок ага айлык албайм.

— «Борончу шоу» автордук берүүбү? Ал «Вечерний Ургант» берүүсүнө окшош...

— «Борончу шоу» долбоорун «Вечерний Ургант» деген берүүгө окшоштуруп туурадык десем болот. Кээ бир адамдар бар, идеяларды жарата турган, калгандарыбыз ошол идея жагып калса аны андан ары улантып кетүү үчүн туурайбыз. Кыргыздар башканы туурай бересиңер деп жаман көрөт. Бирок, эки киши отуруп алып бири-бирине суроо берген баардыгында эле бар. Бул автордук берүүнүн идеясы мага таандык эмес, аны Ургант деле ойлоп тапкан эмес. Берүүнүн максаты- талантуу адамдарды саясатчы, ырчы, куудулдарды чакырып, алар менен баарлашуу, каармандардын өнөрүн элге таанытып, аткарган иштерин көрсөтүү.

Келээрки жылы берүүнүн форматы өзгөрөт. Анда ырчылар, спортчулар, саясатта жүргөн инсандар чакырылып, «Камеди клабдын» вариантында жасалат. Демек, бул дагы көчүрмө болот.

-Кыргызстанды түрө кыдырып концерт бергендердин катарында азыр деле барсызбы?

Ооба, түрө кыдырып жүрчүмүн, ортодо 1-2 жыл тыным болуп калды. Алдыда «Борончу шоунун» көчмө вариантын жасасамбы деп пландап атам. Эл арасынан таланттарды сууруп чыгып, аймактардан тартуу иштерин кылсамбы деген оюм бар.

Борончу Кудайбергенов

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума