21:10
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Оптима Банк»: Зилалиевдин видеосун күч органдарына берген эмеспиз

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге таандык экени айтылган акча банктын уячасынан алынып жаткан видео боюнча «Оптима Банк» билдирүү таратты.

Банк ал билдирүүдө тартылган видео кардардын өзүнө гана берилгенин, тасманын Интернетте тарап кеткенине тиешеси жок экенин билдирди. 

Маалыматка ылайык, ал тасма мындан бир жыл мурун тартылган. Себеби, кардар келишимге ылайык банктагы уячанын ижара акысын төлөгөн эмес. Улуттук банктын жобосуна ылйык банк кызматкерлери уячаны ачып, андагы каражаттар алынып, ээсине берилет. Бул аракеттердин баары видео тасмага тартылып, ал да кардарга тапшырылат. Бир ай мурун билдирүү жөнөтүлгөнү менен кардар уячадагы каражатын алып кетүүгө келген эмес. Банк бардык мыйзамдар так аткарылганын белгилеп, кардарлардын кызыкчылыктары так сакталганын билдирди.

11-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Дүйшөнбек Зилалиевге таандык экени сөз болгон акча тууралуу видео тасманы тараткан. Анда банк кызматкерлери уячадан таңгакталган акча алып чыгып, санап жатканы көрсөтүлгөн. Бул видеодон кийин социалдык тармактарда банктагы уячанын коопсуздугу боюнча суроо талкууланып жатат.

9-декабрь күнү мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10 беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча иш козголду. Аны 8-декабрда УКМКнын кызматкерлери кармаган. Сот имаратынан чыгып баратканда Дүйшөнбек Зилалиев журналисттерге «мүлкүмдү жашырган эмесмин, документтер менен жакында таанышасыңар», деп айткан.

 

Эң көп окулган жаңылыктар