Мамлекеттик бажы кызматы Тажикстандан аткезчилик жол менен ташылып келген кургатылган жемиштерди кармады. Бул тууралуу бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Он Эки-Бел айылында Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери «VolvoFH500» үлгүсүндөгү чиркегичи бар унааны токтотуп, текшерүүгө алышкан. Анда Тажикстанда өндүрүлгөн кургатылган жемиштер табылып, алар бажы көзөмөлүнөн өтпөгөнү аныкталды.
Кургатылган жемиштердин баасы 818 550 сомду түздү.