14:26
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ӨКМ: Ыраакы-Миң-Куш тилкесинде жер көчкү кайрадан сүрүлүп түшүүдө

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Ыраакы Миң-Куш тилкесиндеги «Жумгал Суу Курулуш» көмүр казган ишканасынын аймагында көлөмү болжол менен 600 000 м3 жер көчкүсү сүрүлүп, анын ичинен 45 000м3 жер көчкү Ыраакы-Миң-Куш тилкесине баруучу унаа жолду жаап калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар үчүн айланма жол бар.

Ички чарабалык унаа жолду тазалоого «Жумгал Суу Курулуш» ишканасынан 2 самосвал, 1 эксковатор, «Бусурманкул Т» ишканасынан 1 самосвал тартылган.

Бүгүнкү күнгө чейин тартылган күчтөрдүн жардамында Ыраакы-Миң-Куш тилкесине баруучу ички чарбалык унаа жолуна түшкөн жер көчкүнүн 48 000м3 тазаланган, бирок жер көчкү кайрадан сүрүлүп түшүүдө. Бүгүн жумуш улантылат.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби