03:03
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жаңы дайындоолор. Кыргызстандын Гуанчжоудогу башкы консулу дайындалды

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулу Максат Тентимишов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын дагы бир жарлыгына ылайык, аталган кызматка Искендер Орусбаев дайындалды.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Мирослав Ниязовду Таджикистан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотту. Анын ордуна Жаныш Рустенбеков дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума