2020-жылдан тарта Манастаануу сабагы мектептерде окутулуп баштайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Манастаануу боюнча адиси Гүлбарчын Жумабаева билдирди.
Анын айтымында, азырынча «Манас» эпосу Бишкектеги № 5 улуттук гимназияда гана предмет катары окутулууда. Ал эми Ишеналы Арабаев атындагы КМУда гана Манастаануу боюнча адистер даярдалат.
«Манастаануу институту 2011-жылы негизделеген. Мында жалпысынан 13 окутуучу иштейт. 60ка жакын студентибиз бар. Жылына 25ге жакын студент кабыл алынып, 15-17 студент аяктайт. Ал эми Манастаануу сабагы башка окуу жайлардын биринчи курстарында өтүлөт. Манас эпосу боюнча билим алууну көздөгөн студенттер көп. Айрыкча элдик оозеки чыгармачылыкка кызыккан активдүү жаштардын саны өсүүдө», — дейт ал.
Белгилей кетсек, 5-декабрь «Манас» эпосунун күнү катары акыркы эки жылдан бери белгиленип келе жатат. Ал эпосту улуттук мурас катары сактоо, жайылтуу, даңазалоо максатын көздөйт.
«Манас» дүйнө жүзүндөгү эң чоң поэма — 500 миң 553 ыр сабынан турат. Эпос манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» үчилтигинен куралган.
2013-жылдын 4-декабрында Баку шаарында Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча Өкмөттөр аралык комитеттин 8-жыйынынын чечими менен кыргыз элинин «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпикалык үчилтиги Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине катталган.
«Манас» эпосунун күнүнө карата иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өттү. Ага белгилүү окумуштуулар, манасчылар, манас эпосун изилдөөчүлөр катышты.