18:56
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Аликбек Жекшенкулов ата-энесинин үйүн балдар бакчасына айландыруу үчүн берет

ТИМдин мурунку башчысы Аликбек Жекшенкулов ата-энесинин үйүн мамлекетке балдар бакчасына айландыруу үчүн берет. Бул тууралуу саясатчынын уулу Беккул Жекшенкулов «Азаттыкка» билдирди.

Айтымында, турак жай Кочкор районунун борборунда жайгашкан. Мындай чечим үй-бүлөлүк кеңеште кабыл алынган, анткени кыштакта болгону бир бакча бар.

«Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында кичине болсо да өз салымыбызды кошолу дедик», -деди Беккул Жекшенкулов.

«Учурда мамлекеттин карамагына өткөрүү процедуралары жүрүп жатат. Бул бир аз убакытты алат», -деди ал.

Буга чейин депутат Камчыбек Жолдошбаев ушундай кадамга барган. Ноябрдын башында депутаттын Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылында имаратты мектеп катары пайдаланууга бергени маалым болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар