11:04
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Чек арачылар аткезчилик жол менен тамеки алып бара жаткан жаранды колго түшүрдү

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда чек арачылар аткезчилик жолу менен тамеки алып бара жаткан жаранды колго түшүрүштү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тамекинин баасы жарым миллион сомду түзөт. Жүк кыргыз-тажик чек арасынан кармалган.

Чек арачылар кыргызстандыкты «Хонда-Одиссей» үлгүсүндөгү унаасы менен мыйзамсыз түрдө Тажикстандан Кыргызстанга тамекини алып өтүүгө аракет жасаган маалда кармашкан. Текшерүү маалында жүктүн акциздик маркасы жана документтери жок болуп чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар