Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жергиликтүү мектептин 30га жакын окуучусу массалык мушташтан кийин кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 22-ноябрда түнү болгон. ОИИБнын нөөмөт бөлүмүнө балдардын мушташы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Окуя болгон жерге милиция барып, 31 өспүрүмдү кармаган. Алар 10-11-класстын окуучулары болуп чыкты. Бир өспүрүм курч буюм менен жаракат алганы маалым болду. Ал райондук ооруканага жаткырылды.
ОИИБ иликтөө жүргүзүүдө.