03:15
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өмүрбек Текебаевдин курултайдын катышуучуларына кайрылды

Учурда № 47 колонияда жаткан Өмүрбек Текебаев 24 ноябрда өтө турган курултайдын катышуучуларына кайрылды.

Саясатчы курултайдын аталышына баа берип, «Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең» деп абдан символикалуу коюлуптур«, — дейт ал.

«Кечээ» дегенибиз — биздин окуяларга бай, баатырдык тарыхыбыз. Биз андан сабак гана албастан, сыймыктана турган тарыхыбыз. «Бүгүн» дегенибиз — биз тарыхка баа берип, анын жыйынтыгында бүгүнкү күндүн проблемасын аныктап, бүгүнкү күндүн диагнозун так коюп, өлкөнүн андан ары өнүгүп кетүү багыттарын аныкташыбыз керек. Эгер, биз максатты туура койсок, приоритеттерди туура белгилесек, анда биздин эртеңибиз бар«, — дейт Өмүрбек Текебаев.

Ал курултайдын өзүнө тагылган тарыхый миссияны аткарарына ишеним арткан.

«Кыргызстанда күчтүү жарандык коом бар. Жарандык коомдун эң таанымал, эң таасирдүү институту — бул Курултай. Кыргызстанда болгон бардык тарыхый өзгөрүүлөр, ошонун ичинде эки жолку элдик революциянын башында Элдик курултай турган. Курултай Кыргызстандагы прогрессивдүү, патриоттук коомдук-саясий күчтөрдү, активдүү позициясы бар жарандарды бириктирген маанилүү, таасирдүү интститут катары таанылып, калыптанып калды. Курултай элдин пикирин жыйнаган, багыттаган, калыптаган жана легитимдештирген институт болуп калды. Курултай элди шерденткен, мобилизациялаган, уюштурган күч болуп калды», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар