20:01
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Бакчада орой мамиле жасаган тарбиячы менен бала багуучу кызматтан бошотулду

Жалал-Абад шаарындагы балдар бакчаларынын биринде балдарга орой мамиле жасаган тарбиячы  менен бала багуучу кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Эске салсак, буга чейин социалдык түйүндөрдө аталган шаардагы № 21 балдар бакчасында тарбиячы менен бала багуучу балдарга орой мамиле жасаганы тууралуу видео тараган.

«Жалал-Абад шаарынын билим берүү бөлүмү дароо реакция жасап, өз ишинде кемчилик кетирген тарбиячыны жана бала багуучуну ээлеген кызматынан бошотту. Ал эми балдар бакчасынын башчысы Оксана Щербинага кемчиликтерге жол бергени үчүн сөгүш жарыяланды», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар