19:42
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин туткундарына мунапыс. Мыйзам долбоор талкууда

Жогорку Кеңеште саясий туткундарга мунапыс берүү тууралуу мыйзамдолбоору каралууда.  Демилгечи депутат Исхак Масалиевдин билдирүүсүндө, документ бийликти күч колдонуп басып алуу боюнча камалгандарга мунапыс берүүгө багытталган.

Мунапыс жемкорлукка айыпталгандарга жарыяланбайт.

«Бишкек ЖЭБдеги кырсык боюнча айыпталгандар мунапыска илинбейт. Мунапыс саясий беренелер менен отургандарга гана тиешелүү. Тыңчылык кылгандар, мамлекетке чыккынчылык жасагандарга мунапыс берилбейт», -деди Исхак Масалиев.

Ал эми жемкорлук боюнча айыпталган Өмүрбек Текебаевдин иши тууралуу ал өзгөчө абал деди.

«Президент өз эрки менен акт түзүп, саясатчыга ырайым бериши зарыл. Өмүрбек Текебаев комиссияга ырайым кылгыла деп өзү кайрылбашы керек, мамлекет башчысы муну өзү жасай алат. Анын үстүнө Леонид Маевскийдин камалышын эске алуу зарыл. Ал эми Өмүрбек Текебаевдин соттолгондугун алып салууну сот аркылуу чечиш керек болот», -деди депутат.

Белгилей кетсек, бийликти күч менен басып алуу айыбы менен «Элдик парламент» жана «Эл үнү» уюмдарынын мүчөлөрү — Дастан Сарыгулов, Бектур Асанов, Бекболот Талгарбеков, Кубанычбек Кадырбеков, Тойгонбек Калматов, Марат Султановдор 4 жылдан 20 жылга чейин соттолгон.

Эң көп окулган жаңылыктар