Кечээ, 18-ноябрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Жапалак айылындагы каналга унаа түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык саат 18:20 чамасында болгон.
Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары каналга түшүп кеткен унааны чыгарышты.