12:57
USD 87.25
EUR 89.39
RUB 0.86

Бишкекте медициналык тез жардам борборуна жаңы унаалар тапшырылды

Бишкекте медициналык тез жардам борборуна жаңы унаалар тапшырылды. Вице-мэр Асел Куламбаеванын айтымында, шаардык муниципалитеттин планында жыл сайын 6-7 жаңы тез жардам унаасын алуу турат. 

«Тез жардам кызматынын ишинен жарандардын өмүрү көз каранды», -деди ал.

Жаңы унаалар Бишкектин жаңы конуштарына бөлүнөт. Тез жардам борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов алынып келинген 6 жаңы унаа тез жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат деген үмүттө.

«Биздин кызмат социалдык чөйрөгө багытталган, биз күнү-түнү шаардыктарга акысыз кызмат көрсөтөбүз», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар