05:40
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Сооронбай Жээнбеков жемкорлук, Алмазбек Атамбаев жана ишеним жөнүндө

Фото Султан Досалиевдики

Сооронбай Жээнбеков 24.kg маалымат агенттигине берген эксклюзив маегинде өлкө башчысы бир жылдык жетишкендиктери, алдыдагы пландары, реформалар, саясый атаандаштык, үй-бүлөсү жана жакындары тууралуу ачык айтып берди.

Өкмөттүн ишине баа

— Өкмөттүн ишин кандай баалайсыз? Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сиздин ишеничти актай алдыбы?

— Биз Мухаммедкалый Дүйшекеевич менен өкмөттүн курамында чогуу иштегенбиз. Мен Ош облусун жетектеп турганда, ал Социалдык фондду башкарып турган. Кийин ал мен премьер болгондо, биринчи вице-премьердин кызматын аркалады. Анын дарегине айтылган сындар бар. Бирок, аны мен жакшы билем. Ал өтө кылдат жана натыйжалуу иштейт.

Султан Досалиевдики
Фото Султан Досалиевдики

Мухаммедкалый Дүйшекеевичтин иштегенине жарым жыл гана болду. Мен дагы өкмөттө иштегенмин, алгачкы айларда эле экономикалык көрсөткүчтөргө жетишүү мүмкүн эмес экендигин жакшы билем. Өкмөттүн ишин алардын бир жылдык отчётунан кийин баалайбыз.

— Сооронбай Шарипович, учурдан пайдаланып бул суроону бербесем болбойт. Кыргызстандагы жемкорлук менен байыган 35 кишинин тизмесин бар экендигин, аларды жоопкерчиликке тартып, өлкөнүн бюджетин толуктарыңызды айткансыз. Бул тизмени качан жарыялайсыз?

— Ал тизме бар. Алардын айрымдары менен органдар иш алып барышууда. Калгандары Кыргызстандан качып кетишти. Бирок, мен өлкөгө кимдир-бирөөнү жемкорлукка малынган деп жарыялагым келбейт.

Мыйзам бар, жазыксыздык жоромолу бар, «кармап албагандан кийин ууру тутпа» дейт эмеспи.

Бирок, баарыбыз андай тизме түзө турган болсок жемкорлордун саны 35тен да ашарын жакшы билебиз.

— Анда суроону башка өңүттөн берели, тергөө, коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, УКМК, Финпол качандыр бир кезде бул ысымдарды коомчулукка ачык айтабы?

— Албетте элге белгилүү болот. Мен муну өзүм көзөмөлгө алам. Жемкорлукка каршы күрөш эми гана башталды. Ызы-чуулуу кылмыш иштер — бул айсбергдин чокусу гана. Сиздер билесиздерби райондук деңгээлдеги жемкорлуктан жөнөкөй жарандар кантип азап чеккендерин? Орто звенодогу аткаминерлер пара алып, элди кыйнап жан багып жашап жатканын?

Күрөштү жемкорлукка малынгандарды соттоп, абакка отургузуш үчүн гана баштаган жокпуз. Баарына сабак болсун, маңдай тер менен гана жашасын деген максатыбыз бар. Калыптанып калган стереотипти бузуу керек. Мамлекеттик акчасы — жеке чөнтөк эмес.

Бишкек «Жылуулук электр борборун» модерназациялоо иши боюнча

— Бул жылдын эң чуулгандуу окуясы Бишкек ЖЭБин модернизациялоо болду окшойт. Сиз премьер-министр болуп турганда ЖЭБди модернизациялоо тууралуу документке кол койгонсуз. Демек, бул маселени тереңинен бери жакшы билсеңиз керек. 4 кылмыш иши козголуп, энергетика тармагындагы 7 мурунку аткаминер соттолду. Эки мурунку премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев, депутат Осмонбек Артыкбаев дагы камалгандардын арасында. Бирок, алардын бири дагы күнөөнү мойнуна ала элек.

Күч түзүмдөрү бул иш жакынкы мөөнөттө ачылат деп сөз беришүүдө. Бирок, өтүнүч боюнча УКМК камакта калтыруу мөөнөтүн узартууда. Айыпталуучулардын жактоочулары эч кандай тергөө иш-чаралары жүргүзүлбөй жатканын айтып нааразы. УКМКнын жетекчилиги иликтөөнүн жүрүшү тууралуу сизге рапорт берип турса керек, сиз күч түзүмдөрүнүн докладына ынанасызбы? Соттун адилеттүүлүгүнө жана бейтараптуулугуна ишенесизби?

— Дароо айтып коёюн, бул кылмыш ишинин алкагында кармоолордо эч кандай саясий негиз жок. Бул тууралуу буга чейин деле көп жолу айткам.

Укук коргоо органдарында ЖЭБге байланышкан ишке карата кылмыш ишин козгоо үчүн, жетиштүү негиздер жана себептер болду. Кылмыш иштери көлөмдүү. Мамлекетке келтирилген чыгым өтө чоң. Көптөгөн коррупциялык схемалар аныкталды. Иш чачтан көп, кылмыш иштери боюнча тергөө топтору эмгектенишүүдө. Керектүү экспертизалар жүргүзүлүп жатат.

Сиздер билгендей, соттук-курулуш экспертиза жана аудитордук текшерүүлөр кыска мөөнөттө эле бүтүп калбайт. Баардык кылмыш иштер мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө бүтөрүнө ишеним артам. Учурда жүргүзүлүп жаткан иликтөөнүн объективдүүлүгүнө кандайдыр бир ишеним көрсөтпөөгө негиз жок.

Мен азыр сиздерге баардык маалыматты ачык айта албайм. Бирок, мага белгилүү болгон жагдайларга караганда иштин түбү терең.

Өлкөдөгү коррупциянын масштабы кенен болгондуктан саз сыяктуу көптөрдү соруп, али жаңы ысымдарды алып чыгат.

Тышкы саясат

— Эми тышкы саясат тууралуу кеп кылсак. Сиздин чет жерге болгон иш-сапарларды анализдей турган болсок, Кыргызстан көп багыттуу саясатты карманып жатканын көрүүгө болот. Ал эми аймактык саясатта — коңшулар менен ынтымакта болуу. Бирок, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бир топ чечилбеген маселелери бар: чек ара, суу ресурстары, соода алака...

— Бул жыл аралыгында биз эл аралык, саясаттан сырткары мамилелерди жакшыртуу жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп, стратегиялык өнөктөштөр жана коңшу мамлекеттер — Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Түркия, Түркмөнстан, Евросоюз институттары менен алакабызды бекемдедик.

ЕАЭБдин алкагында Орусияда жүргөн кыргызстандык мигранттардын иштөө шарттары жакшырды. Орусиянын президенти Владимир Путин менен бир канча жолу сүйлөшкөндөн кийин «Миграциялык мунапыс» жарыяланды.

Сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити болду. Ага Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Азербайжандын мамлекет башчылары жана Венгриянын премьер-министри катышты. Андан кийин Бүткүл Дуйнөлүк көчмөндөр оюндары уланды. Бул иш-чаралар Кыргызстандын позициясын эл аралык аренада дагы бекемдеди. Кийинки этап өлкөгө инвестиция тартуу, сүйлөшүлгөн макулдашууларды ишке ашыруу болот.

Ал эми аймактык көйгөйлөрдү чечүү үчүн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын саммити жакшы аянтча түзүп берүүдө. Бул коңшу өлкөлөрдүн ич ара эң жакшы, тыгыз сүйлөшүүсүнө шарт түзгөн иш-чара болду. Өлкө башчылары жолугушууда аймактык маселелер боюнча түз олтуруп кеңешип, оор деген маселелерди дагы жай кырдаалда талкуулайбыз.

Коңшулар менен мамилелер бекемделип, көйгөйлөр чечилип жатат. Чек ара жөнүндө айта турган болсом, Өзбекстан менен чек аранын 85 пайызы делимитациялоодон өттү. Калган 15 пайызы боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Тажикстан менен дагы чек араны делимитациялоо боюнча олуттуу иштер башталды.

— Кыргызда эл башчысынын калыстыгы тууралуу көп макал-лакаптар бар. Чечим кабыл алаарда ким менен кеңешесиз? Сиз кабыл алган чечимдер туура деп дайыма ишенимдүү боло аласызбы? Сизге аппарат кызматкерлери, жакындарыңыз жеткирген маалыматтын тактыгын текшересизби?

— Кыргыз макалдары таамай жана так айтылган. Мисалы, «Ыймандуу бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок», «Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат», «Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп уурдаба», «Кыңыр иш кырк жылда билинет» жана башкалар.

Мен эл менен жолукканда Конфуций жөнүндө бир окуяны айтып калам. Өлкөдө уурулук күч алып, алдым-жуттум көбөйүп кеткенде, башы каткан эл башчы ойчулдан кеңеш сураптыр. Анда Конфуций:"сен өзүңдөн башта, напсиңди тыйсаң, башкалар да уурдаганды коёт« — деген экен.

Менин атам дагы «Мамлекеттин укуругу узун, эртеби-кечпи, ууру кармалат», — деп көп айтчу.

Мен эле адаммын, кемчиликтерим жана артыкчылыктарым бар. Бирок, азыр президенттик кызматта жаңылууга укугум жок деп эсептейм. Анткени, бул бүткүл өлкөгө, миллиондогон адамдардын жашоосуна таасирин берет. Маалыматты ар кандай булактардан алам, аны кайра текшерем.

Өз чечимим үчүн өзүм гана жооптуумун. Ошон үчүн азыр мен жалгызмын жана жетиммин деп айтамын.

Эч качан бир кишинин оюна жана маалыматына таянбайм. Дайым маалыматты ар тараптан алганга аракет кылам.

Алмазбек Атамбаев жөнүндө

— Сиздин шайлоо алдындагы урааныңыз — «Кыргыз көчү жолун улайт». Бул сиздин Алмазбек Атамбаевдин жолун улайт деген. Сиз экс-президент менен акыркы жолу качан сүйлөштүңүз эле?

— «Кыргыз көчү жолун улайт» деген ууран менен чыкканмын. Бул жол жеке меники да, сиздики да, же дагы бирөөнүкү да эмес. Бул жол өлкөнүн, нечен кылымдык тарыхы бар элдин, улуу кыргыз элинин көчү. «Бектер кетет, эл калат», ал эми көч улана берет. Дал ошол жолду мен улап баратам жана улай бермекчимин.

Акыркы жолу мурунку президент менен 29-мартта КСДПнын съездинин алдында жолукканбыз. Анда 4 сааттан ашык сүйлөштүк. Андан кийин жолуккан жокмун.

— Сооронбай Шарипович, Алмазбек Атамбаев экөөңүздөрдүн ортоңуздарда эмне болгонун азыр ачык айта аласызбы? 20 жылдык достуктан кийин эмнеден улам мамилеңиздер сууп, эки ажырым жолго түштүңүздөр?

— Анын 31-мартта айткандары мен үчүн күтүүсүз болду. Ал мени жемкорлукка, ЖЭБдеги кырсыкка айыптады.

Партиянын съездине Ош облусундагы партия бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүн киргизбей коюшту. Алар партия үчүн да, Атамбаевдин өзү үчүн да оор учурда жанында болушкан.

Мен кескин өзгөрүүгө абдан таң калдым.

Мен аны менен айрылыш жолго түштүм деп эч качан айткан эмесмин. Ооба, биз бир партияда көп убакыт бирге болдук. Бирок, мени кандайдыр бир үчүнчү жактардын колу менен жетелеме жетекчиге айлантуу, мени башкаруу аракеттери Атамбаевге адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да намыс алып келбейт.

Анын эмнеге умтулуп, эмне максатты көздөгөнүн түшүнө албай койдум. «Досум», «партиялашым» дегенге жакын, бирок достор менен партиялаштар мындай кылбайт.

Ал ортодогу 20 жыл тууралуу көп айтат. Мен деле ошол учурда жөн эле отурган жокмун да. Биз партиялаштар менен биргеликте партиянын позициясын Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде бекемдөө менен алек болдук. Кыйын учурда, өзгөчө өлкөнүн түштүк аймагындагы тоскоолдуктарды жеңүүдө мен дайыма жанында турдум. Керек болсо жанында киши калбай калганда, коркутуп-үркүтүүлөргө карабай мен жанынан карыш жылган эмесмин. Ал тургай андан баары качып кеткен күндө дагы менин үй-бүлөмө, туугандарыма жана өзүмө коркунуч туулуп жатканда дагы аны менен бирге болуп, 2009-жылы штабын жетектетим.

2010-жылдагы июнь коогалаңында өлкө биримдиги үчүн карьерам эле эмес, керт башымды да тобокелге салдым. Төш каккылай бергим келбейт, бирок бул чындык. Атамбаев муну жакшы билет. Анын саясий технологдору мени «саткын» деп атаганды жакшы көрүшөт. Убакыт баарын өзүнүн ордуна коет.

КСДПнын курултайына партиянын Ош облусундагы өкүлдөрүн киргизбей коюшту. Алар партия жана Алмазбек Атамбаев үчүн оор жылдары таяныч болуп туруп беришкен.

Окуянын мындай нукка бурулушу мен үчүн дагы таң калыштуу болду.

— Баардык президенттердин арасынын сизге оор болуш керек. Анткени, күчтүү оппонентиңиз жаныңызда, башкалар сыяктуу качып кеткен жок. Алмазбек Атамбаев ЖМК аркылуу дайыма өз оюн билдирип келет. КСДП штабында сизди кыйытып сындагандар болот, мындай саясий атаандаштык сизди чыңалдырбайбы?

— Мен азыр мамлекет башчысымын. Катуу күрөшкө дайым даярмын. Ийгиликке жеңил жол эмес, күрөш, эмгек менен жеткенмин.

Буга чейин дагы, мындан кийин дагы бир гана мамлекеттик принциптерге таянуу менен иш алып барам: Мамлекетти чыңдоо, өлкөнү өнүктүрүү, адам укуктарын жана сөз эркиндигин коргоо.

Негиздүү сындар айтылса кабыл алам, катамды оңдогонго аракеттенем. Бул мамлекеттик ишмер үчүн кадимки процесс. Негизи «сынчынын сыңар өтүгү майрык» болбосо болду.

Эң көп окулган жаңылыктар