07:59
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Адилет Усубалиев: Жашоодо карт бойдок эмесмин, боз бойдокмун

Кыргыз киносунун отличниги, актёр Адилет Усубалиев өзүн театр жана тасма талаасынан сынап көрүп, эми ырчылыкты колго алган маалы. Ал буга чейин «Курманжан датка», «Уламыштар», «Көргүм келет», «Дарак ыйы», «Карт бойдок- сыяктуу онго жакын тасмага тартылган. Актёр жигит 24.kg агенттигине тасмада жараткан ролдорунан тарта чыныгы артист кандай боло тургандыгына чейин айтып берди. 

Адилет Усубалиевдин жеке архивинен алынды
Фото Адилет Усубалиевдин жеке архивинен алынды

-Ырчылыкты колго алып ушул багытта кетейин деген оюңуз барбы?

— «Асман» теледолбооруна кастинг аркылуу өтүп, өзүмдү ырчылык жактан сынадым. Эл мени актер катары гана тааныбастан ырчы катары кабыл алсын дедим. Анткени вокалдык жактан билимим бар, Улуттук консерваторияда опера ырдоо жагынан 4 жыл билим алгам. Ал убакта тасмаларга да тартылдым, театрда да иштегем. Кийин консерваториядан кетүүгө туура келди, анткени тасмага тартылгандан кийин эл менден актер болот деп көп нерсе үмүт кылды. Мен дагы ошого ишенип сымбаттуу образдан (статный образ) чыгуу үчүн Арсен Өмүралиев атындагы театрына кайтканмын. Ал жакта актёрлор пластика боюнча көп иштешет. Ошентип, театрда кийинчерээк радиодо иштегенге туура келди. Белгилүү бир себептерден улам ал жактан кеттим. 

Адилет Усубалиевдин жеке архивинен алынды
Фото Адилет Усубалиевдин жеке архивинен алынды

Мен тартылган тасмаларда болсо өлүм сахналары бар ролдор көбөйө баштады. 3 тарыхый ролум бар, үчөөндө тең мен ойногон каармандар өлүмгө дуушар болот.

Кыскасы, жашоомдо өзгөрүүнү каалап өзүмдү башка кесиптен сынап көрүүнү чечтим. Анткени, мен бир амплуада калгым келген жок. «Асмандын» жакшы жагы өзүңдү ар кайсы жанрдан көрсөтө аласың. Мен опера менен эстраданы аткара ала турганымды тастыктай алдым. Албетте жеңишке жетсем бактылуу болом.

Жеңсем дагы жеңбесем дагы ырдайм, анткени менин талантым бар.

-Ырчылык өнөрбү же актерлук кайсынысы сизге жакын?

-Мага экөө тең жакын. Музыка менен актерлук түздөн түз байланышта. Актер болуп ырдай албасаң же ырчы болуп актер боло албасаң сен артист эмессиң. Эки кесипти алып кетсе чыныгы артист деп эсептейм. Мен характерлүү каармандардын ролун аткарууну каалайм, бир образ менен гана чектелгим келбейт. Учурда тасмага тартылып бер деген сунуштар түшүп жатат.

-Кыргызда моюнга жип салбайт деген сыяктуу ырым-жырымдар бар эмеспи. Камчыбектин ролун ойногондон кийин башыңыздан суу тегеретип ырымдагандар болдубу?

-«Курманжан датка» тасмасына 2012-жылдын сентябрында 21 жашымда тартылгам. Бул менин тушоомду кескен алгачкы тасма. Кыргыздын салтында кандайдыр бир ишенимдер бар, тасмага тартылганда ырым кылып кан чыгарганбыз. Бул ролго кастинг аркылуу тандалып калгам. 

Адилет Усубалиевдин жеке архивинен алынды
Фото Адилет Усубалиевдин жеке архивинен алынды

-Кээ бир актёрлор оюнчу, режиссёр тандашат экен, сизде да ушундай кежирлик болобу?

-Мен антип тандап кежирлик кыла бербейм. Долбоор кызыктуу болсо иштегенге даярмын.

-Азыр маданият өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү той аркылуу киреше таап калды, сизде тамадалык өнөр барбы?

-Тамадалык өнөргө көп кызыкпайм. Сынап көрбөйсүңбү дегендер бар, бирок чыгына элекмин.

-Кумир туткан актёрлоруңуз?

-Сүймөнкул Чокморов, Болот Бейшеналиев, Патрик Суэйзи, Йэн Маккелен, Дэниел Дэй-Льюис- мен жактырган актёрлор.

-«Карт бойдок» тасмасында башкы ролду ойногонсуз, жашоодо карт бойдоксузбу?

Жашоодо карт бойдок эмесмин, боз бойдокмун. Карт бойдок деп кырктан ашкан чоң кишиге айтылат. Мен отузга чыга элекмин, боз бойдокмун. Алдыда карьерамды түзүп алып үй-бүлө курам деген пландарым бар.

Адилет Усубалиев

Эң көп окулган жаңылыктар