13:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мамлекеттик сатып алуулар порталында 3425 уюм катталган

2019-жылы мамлекеттик сатып алуулар тутумунда чоң өзгөртүүлөр болот. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Учурда Мамлекеттик сатып алуулар порталында 3425 уюм катталган. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча талдоолорду жасалган, анын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик сатып алуулар порталында 72,8 млрд сомго 100 миңден ашык конкурс жарыяланган, алардын ичинен 36,4 млрд сомго 58 276 конкурс ишке ашкан.

«Товардык позициялардын 75 пайыздан ашыгы — чет мамлекеттерден кирген товарлар. Биздин талдоолор боюнча, бюджеттик жана бюджеттик эмес уюмдар аларды атамекендик өндүрүүчүлөрдөн сатып алса болот. Товарларды атамекендик өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу зарыл. Мындай кадам келечекте ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө жасалган олуттуу салым болуп эсептелет. Ошону менен бирге атамекендик товар өндүрүүчүлөргөтоварлардын сапатын жакшыртууга шарттар түзүлөт», — деди Өкмөт башчы.

 

Эң көп окулган жаңылыктар