02:18
USD 87.45
EUR 100.09
RUB 1.10

Кочкор-Чаек унаа жолундагы кырсыкта 4 киши жабыркады

Кочкор-Чаек унаа жолунун 12-чакырымында жол кырсыгы катталып, кесепетинен 4 киши жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «BMW» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун четиндеги даракты сүзгөн. Кесепетинен 4 киши ар кандай жаракаттарды алышып, райондук ооруканага жеткирилди.

ӨКМнын куткаруучулары окуя болгон жерге барып, унаада кыпчылып калган жүргүнчүлөрдү чыгарып, медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар