11:45
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Президент министрлерди аз уктап, көп иштөөгө чакырды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңеште министрлердин ант берүү аземине катышты.

Депутаттардын алдында эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов ант беришти.

«Жаңы министрлердин сындан өткөрүү али алдында. Аз уктап, көбүрөөк иштеш керек. Тынымсыз иштеп гана сыйга жетүүгө болот. Ал эми бүгүн берген антыңарды күнүгө, жумушка келип кеткен сайын эстеп тургула», — деди президент.

Эң көп окулган жаңылыктар