16:53
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Түркиядагы элчи Ибрагим Жунусов Анкарадан Ташкентке көчөт

Түркиядагы элчи Ибрагим Жунусов ээлеген кызматынан бошотулат. Анын талапкерлиги Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигин жетектөөгө көрсөтүлүүдө.

Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин эртең парламенттин эл аралык мамилелер комитети карап чыгат.

Ибрагим Жунусов Анкарага элчи болуп 2014-жылы жөнөтүлгөн. Өзбекстандагы мурдакы элчи Данияр Сыдыков учурда президенттин тышкы саясат бөлүмүн жетектөөдө.

Анкарада сырткары Кыргызстандын Сеулдагы элчилиги дагы бош турат. Мурдакы элчи Кылычбек Султан октябрь айында ТИМ менен чырдан кийин бошотулган. 

Эң көп окулган жаңылыктар