Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы төмөнкү даректерде өчүрүлөт:
Саат 09:30дан 18:00гө чейин — Көк-Жар жаңы конушу (Ахунбаев, Шабдан баатыр, Ой-Терскен, Жеңижок, Көк-Жар, Керемет, Куйручук көчөлөрүндө), Геологический кууш көчөсүндө; Ак-Өргө жаңы конушунда (Бозсалкын, Чамгарак, Айдын-Көл, Ашар, Ак-Шоокум, Хан-Теңир, Тогуз Канат, Саадак көчөлөрүндө); Орок жаңы конушунда (Садырбаев, Семетей, Арча-Бешик көчөлөрүндө);
Саат 13:00дөн 17:00гө чейин — Шопоков, Ибраимов, Киев, Буденный көчөлөрүндө жана Чүй кең көчөсүндө;
Саат 09:30дан 17:00гө чейин — Белинский, Кызыл-Кыя, Можайск, Саадаев, Түлөбердиев көчөлөрүндө;
Саат 09:00дөн 18:00гө чейин — Васильев, Боталиев, Самойленко, Мостовая, Тихвинский кууш көчөлөрүндө.