10:05
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандыктар Өзбекстандык картошка импорттоочулар менен жолугушат

Өзбекстандык картошка импорттоочулар менен жолугушуу эртең, 2-ноябрда Ташкенттеги кыргыз элчилигинде болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, республикада түндүк региондун картошка өндүрүүчүлөр ассоциациясы түзүлдү.

«Бул картошка өндүрүүчүлөрдүн картошкасын сатууга мүмкүндүк берет», -деди Айыл чарба министр Нурбек Мурашев Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын картошка өндүрүүчүлөрү менен жолугушуу маалында. Анда Ташкентте өтө турган эки тараптуу сүйлөшүүгө катышуу үчүн 2 делегат тандалып алынды.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Өзбекстан кыргызстандык дыйкандардын картошкасын өткөрүүгө тыюу салгандыктан, жергиликтүү эл чыгашага учурап жатат деп билдиришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар