20:40
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Картошкасын сата албай кыргызстандык дыйкандар чыгашага учуроодо

Өзбекстанга картошка киргизүүгө тыюу салынгандыктан, кыргызстандык дыйкандар чыгашага учуроодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Ирина Карамушкина билдирди.

Айтымында, өкмөт февралда эле картошка Өзбекстанга экспорттолот деп айткан. Жайында коңшу тарап картошканы ташып кирүүгө тыюу салган. Айыл чарба министрлиги тыюу салууну алып салуу үчүн кандай иштерди жүргүзгөнүн айтышкан жок.

«Ишкерлер картошканы килограммын 5 сомдон дагы өткөрө албай жатышат. Аны сактай турган жер да жок. Көпчүлүк насыяга алышкан», -деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар