08:11
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

3 унааны сүзүп качып кеткен «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу изделүүдө

Бишкек шаарындагы Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа 3 унааны сүзүп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган унаа жол жээгинде токтоп турган «Хендай», «Дайхацу» жана «Тойотаны» сүзгөн. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткенге үлгүргөн. Жол кырсыктан жабыркагандар катталган жок.

Учурда «Лексустун» айдоочусу изделип жатат.


Эң көп окулган жаңылыктар