09:45
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Москва райондук сотунун төрагасы кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Чуй облусунун Москва райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Марлес Феликс жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан четтетилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жарлыкка Сооронбай Жээнбеков кол койду.

«Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Марлес Феликсти жазык жоопкерчилигине тартууга Башкы прокурорго макулдук берген», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар